«Кыргыз Экспорт» борбору Орусиянын ири импортточу ишканасы менен кызматташат

02.09.2025 | 14:19

Экономика министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун жетекчиси Урмат Такиров Орусиядагы эң ири тамак-аш жана FMCG товарларды импорттоочу компаниялардын бири «Гранд Трейд» акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу «Кыргыз Экспорттун» басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды Орусия базарына жеткирүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашкан. Ошондой эле 2025-жылдын октябрь айында Кыргызстандагы экспорттоочулар жана өндүрүүчүлөр менен жолугушууларды камтыган роад-шоуну өткөрүүнү макулдашышкан.

Белгилей кетсек, «Гранд-Трейд» — дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн импорттолгон азык-түлүк жана азык-түлүккө жатпаган товарларды жеткирүү боюнча лидер ишканалардын бири. Анын товар жүгүртүүсү 2024-жылы 2 млрд доллардан ашкан.

Scroll to Top