Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
MUHAMET MALO-2026: Кыргызстандык балбандар 9 медаль жеңди
03.03.2026 | 11:08

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 экинчи рейтингдик турнири өттү. Мелдешке Кыргызстандын атынан 28 балбан катышып, жыйынтыгында жалпы 9 медаль утуп алышты.
Эркин күрөш боюнча байге ээлери:
- Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) — алтын медаль;
- Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) — күмүш медаль;
- Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) — коло медаль.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча байге ээлери:
Бул багытта катышкан төрт спортчунун бардыгы медаль тагынышты:
- Айпери Медет кызы (76 кг чейин) — алтын медаль;
- Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) — күмүш медаль;
- Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) — күмүш медаль;
- Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) — коло медаль.
Грек-рим күрөшү боюнча байге ээлери:
- Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) — коло медаль;
- Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) — коло медаль.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт