Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Канададан келген кыргызстандыктын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы чыкты
15.03.2020 | 09:31
Кыргызстандын жараны Канадада өткөн эл аралык конференцияга катышып келген. Анда катышуучулардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени айтылган. Мындан улам Кыргыз жараны “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилип, коронавируска тест тапшырган.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги ал жаранды 13-мартта инфекциялык ооруканага жаткырган. Учурда андан алынган тесттин жыйынтыгы чыгып, коронавирустун белгилери аныкталган жок. Бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом