Бишкекте кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи жыйыны өттүБишкек соода орундарынан түшкөн жалпы кирешенин 60 пайыздан ашыгын камсыздайт. Базарларга талдооКыргызстанда Улуттук лабораториялык кызмат түзүлөтЫр, сүрөт жана башка чыгармаларды күрөөгө коюп насыя берүүнү киргизүү сунушталуудаПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча кайрылуу: кармалган саясатчылар 2 айга камалды«Кыргызстан аэропорттору» менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташат
Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны 8 адамга жетти
15.03.2020 | 16:35
Казакстанда өпкөнү сезгенткен коронавирус илдетин жуктургандардын саны 8 адамга жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов онлайн брифингде маалымдаганын 24.kz басылмасы жазды.
15-мартта ооруну жуктуруп алгандыгы аныкталган эки адамдын бири Москва шаарынан Алматыга учуп келсе, экинчиси Сеул шаарынан учуп келген.
Буга чейин Казакстанда 6 адамдын коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталган. Алардын экөө Нур-Султан шаарынын тургундары болсо, төртөө Алматы шаарынын тургундары.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар