Ош шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайт
Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрөт
08.09.2025 | 12:32

Казакстан менен Өзбекстан аскерлердин Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоого багытталган бир катар биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Казакстандын өкмөтү бекиткен тиешелүү токтомдо айтылды.
Маалыматка ылайык, биргелешкен аскердик машыгуулар аймактагы туруктуулукту бекемдөө максатында эки өлкөнүн полигондорунда кезектешип өткөрүлөт. Ага эки өлкөнүн аскерлердин түзүмдөрү, аба күчтөрү жана атайын техникалары тартылат.
Аталган документ эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүү үчүн укуктук негиз түзөт.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар