Өкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекиттиМарлен Маматалиев Казакстан Мажилисинин төрагасына Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштадыКыргызстан менен Россия трансплантология жаатындагы кызматташтыкты күчөтөтАдылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдар
Ак илбирс расмий түрдө Кыргызстандын мамлекеттик символу катары таанылды
09.09.2025 | 13:19

Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 Жарлыгы менен ак илбирс өлкөнүн мамлекеттик символу катары расмий түрдө таанылды.
Бул максатта Министрлер кабинети «Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Ак илбирс — Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашаган сейрек кездешүүчү жана аялуу жандык. Ал өлкөнүн табигый мурасынын гана эмес, маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикада да кеңири чагылдырылган. Улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин символу катары таанылат.
Токтомдун кабыл алынышы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- Президенттин жарлыгын ишке ашыруу;
- Ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн коргоо чараларын күчөтүү;
- Калктын жаратылышты коргоо тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу;
- Ак илбирстин образын маданий дипломатияда колдонуп, Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджин жакшыртуу.