Кыргызстан менен Россия трансплантология жаатындагы кызматташтыкты күчөтөт

16.04.2026 | 10:00

Бишкекте трансплантологияны өнүктүрүү жана россиялык адистер менен кызматташууну кеңейтүү маселеси талкууланды, деп билдирет Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Анын маалыматына караганда, КР Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Россиянын башкы трансплантологу, РИАнын (Россия илимдер академиясынын) академиги Сергей Готье менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө трансплантологияны өнүктүрүү Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганы белгиленди.

Акыркы жылдары ченемдик-укуктук база (ЧУА) түзүлүп, заманбап медициналык технологияларды этап-этабы менен киргизүү үчүн шарттар жаралды.

М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борбору менен Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин В.И. Шумаков атындагы Трансплантология жана жасалма органдар улуттук медициналык изилдөө борборунун эки тараптуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.

Алсак, кызматташтыктын алкагында Кыргызстандан 20 медициналык адис трансплантация багыттары боюнча такшалуудан өтүштү, программанын катышуучуларынын санын көбөйтүү маселеси каралууда.

Операцияларды жасоодо чоң практикалык тажрыйбасы бар трансплантология жаатындагы алдыңкы эксперттердин бири катары Сергей Готьенин сапарынын маанилүүлүгү белгиленди.

Сапардын алкагында М.М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун базасында анын жетекчилиги астында боордун фрагментин тууганынан көчүрүп салуу операциясы жасалды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүү, анын ичинде практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана адистерди даярдоо боюнча макулдашышты.

Scroll to Top