Кыргызстан менен индиялык Wingspan Group ишканасы авиация тармагында кызматташууну талкуулашты

10.09.2025 | 16:10

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов индиялык Wingspan Group ишканасынын башкы директору Нираж Ратхи менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүү, индиялык туристтерди тартуу жана ишкерлик байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланган.

Элчи Аскар Бешимов түз аба каттамдарын кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн айтып, бул бизнес жана маданий алмашууларга түрткү берерин белгилеген .

Өз кезегинде Нираж Ратхи Кыргызстандын туристтик жана транзиттик борбор катары жогорку потенциалы бар экендигин, мындан ары кызматташууга даярдыгын билдирген.

Кошумчалай кетсек, Wingspan Group ишканасы Индияда 1998-жылы түзүлгөн. Ал бүгүнкү күндө жарандык авиация тармагында авиабилеттерди сатуу, чартердик каттамдарды уюштуруу, жүк ташуулар жана авиакомпанияларга маркетингдик колдоо көрсөтүү кызматтарын аткарган ири структуралардын бири болуп эсептелет.

Scroll to Top