Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салды

08.04.2026 | 13:24
Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салды — Новости Кыргызстана

Кыргыз искусствосу орду толгус жоготууга учурады. 69 жаш курагында залкар сүрөтчү, живописчи жана колдонмо искусствонун чебери Алмагүл Болокова дүйнөдөн кайтты.

Алмагүл Болокова гобелен жана живопись жанрларында кайталангыс стиль жараткан, таанымал чебер болгон. Анын Кыргызстандын жаратылышына болгон сүйүүгө жана терең философияга толгон эмгектери дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Анын эмгектери АКШ, Жапония, Франция, Германия жана Түркияда көргөзмөлөргө коюлган. Ал КР Эл сүрөтчүсү Догдурбек Нургазиевдин жубайы болгон.

Болокова Нагоядагы «ЭКСПО-2005» бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн жана эл аралык «АРТ-Биенналенин» катышуучусу болгон. Сыйлыктарынын арасында: КР Маданият министрлигинин Ардак грамоталары, эл аралык көргөзмөлөрдүн дипломдору жана башка мамлкеттик сыйлыктар бар. Анын чыгармалары кыргыз сүрөт мектебин эл аралык аренада даңазалап келген.

Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салды — Новости Кыргызстана
Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салды — Новости Кыргызстана
Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салды — Новости Кыргызстана
Белгилүү сүрөтчү Алмагүл Болокова дүйнө салды — Новости Кыргызстана

Reporter.kg редакциясы маркумдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Scroll to Top