АКШда Трамптын жакын тарапташы Чарли Кирк октон каза тапты

АКШда саясий активист жана Трамптын тарапташы Чарли Кирк эл алдында сүйлөп жатканда ок атылып, каза болду. Бул тууралуу BBC жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Чарли Киркке Юта штатынын Utah Valley университетинин кампусунда сөз сүйлөп жатканда ок атылган. Кирк мойнунан жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Бир аздан соң АКШнын президенти Дональд Трамп Кирк каза болгонун билдирген.
Трамп Truth Social соцтармагына төрт күнгө өлкө боюнча желектерди төмөн түшүрүүнү буйрук кылганын жарыялап, Киркти баары сүйүп, урматташкандыгын жазган.
Юта штатынын Коомдук коопсуздук департаменти Киркке 100дөн 200 метрге чейинки аралыкта ок атылганын, учурда кылмышкерди издөө иштери уланып жатканын билдирген.
31 жаштагы Чарли Кирк АКШ саясатындагы консервативдик фланктын эң белгилүү өкүлдөрүнүн бири жана Дональд Трамптын жакын шериги болгон. Ал подкасттарды алып барчу жана АКШдагы университеттердин ачык аянттарында саясий дебаттарды өткөрчү. Ал консервативдик баалуулуктарды окуу жайларда жайылтуу максатында Turning Point USA студенттик уюмун негиздеген эле.