Кубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайыЖайыттарды калыбына келтирүү үчүн себилүүчү уруктарга 50 млн сом бөлүндүОш, Манас жана Баткен шаарларында студенттер үчүн жатаканалар курулат
Чүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
12.03.2026 | 12:22

Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын иш-аракеттеринин натыйжасында аянты 1 076,2 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө аталган жер тилкеси жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен пайдаланылып келгени аныкталган. Аныкталган фактылардын негизинде кызмат тарабынан мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү эскертме берилген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жерди мыйзамсыз пайдалануу токтотулду. Бүгүнкү күндө жер тилкеси расмий түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Кызмат жер жана суу ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча ишин улантууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом