ИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырдыКазакстан радиациялык мониторинг боюнча КМШ макулдашуусун ратификациялады
Токмокто Ислам академиясы ачылат
11.09.2025 | 15:30

Жакынкы күндөрү Токмок шаарында Ислам академиясы ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин диний лидерлеринин делегациясы менен жолугушууда билдирди.
Академия диний сабаттуулукту жогорулатууга, дин кызматкерлерин кайра даярдоого жана алардын квалификациясын арттырууга багытталган.
Садыр Жапаров түрк дүйнөсүндө дин жаатындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, ислам баалуулуктарын улуттук салттар менен айкалыштыруу коомдун адеп-ахлагын чыңдай турганын айтты.