Ханзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келди

14.09.2025 | 22:33

Бүгүн, 14-сентябрда Кыргызстанга “Ага Хан” өнүктүрүү уюмунун өкүлдөрү — ханзаада Рахим Ага Хан V, ханзаада Али Мухаммад Ага Хан, ханзаада Хуссейн Ага Хан жана ханыша Фарин Ага Хан келишти.

Конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары Самат Жантелиев тосуп алды.

Белгилүү болгондой, эртең, 15-сентябрда Кыргызстанда биринчи жолу архитектура боюнча Ага Хан сыйлыгы тапшырылат. Иш-чаранын алкагында коомдук лекциялар, көргөзмөлөр жана 16-сентябрда академиялык семинар уюштурулат.

Архитектура тармагындагы эң беделдүү эл аралык бул сыйлык үч жылда бир берилет жана байге фонду 1 миллион АКШ долларын түзөт.

Сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасы жана “Ага Хан” Өнүктүрүү уюмунун тең төрагалыгы алдында өтүп, ага дүйнөнүн 150дөн ашуун расмий өкүлдөрү, архитекторлор жана окумуштуулар катышат. Бул сыйлык Кыргызстанда алгач ирет тапшырылып жатат. Буга чейин, 1992-жылы Борбор Азия боюнча биринчи жолу Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан менен “Ага Хан” Өнүктүрүү уюмунун кызматташтыгына 25 жыл толду.

Scroll to Top