Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Өзү сырдап: Муниципалдык инспекциянын башчысы Бишкектеги граффити менен күрөшүүдө
16.09.2025 | 12:41
Борбор калаанын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси, коомчулукта “Царикаев” деген ат менен белгилүү Мирлан Таалайбеков граффитиге каршы күрөш баштады. Ал дубалдардагы жазууларды валик менен өзү сырдап жатканын көрсөтүп, шаардагы бул көйгөй менен кеңири масштабда күрөшүү убадасын берди.
“Эми менин ишим түздөн-түз коомдук коопсуздукту камсыз кылуу же жол эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө менен байланыштуу эмес. Бирок ишмердүүлүгүмдүн чөйрөсү кеңейди. Мен граффити жана вандализм көрүнүштөрү менен күрөшүүгө, ошондой эле сынган терезелердин кесепеттерин жоюуга көңүл бурууга ниеттенип жатам”, — деп билдирген Таалайбеков.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом