Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Ысык-Көл облусунда электромобилдер үчүн 10 кубаттоочу станция орнотулат
10.02.2026 | 10:53

«Чакан ГЭС» ААКы Ысык-Көл облусунун аймагында электромобилдер үчүн 10 кубаттоочу станция орнотууну пландаштырууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Учурда кубаттоочу станцияларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин ижарага алууга зарыл болгон уруксат берүүчү документтер даярдалууда. Долбоор «Чакан ГЭС» ишканасынын өз каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
Станциялар төмөнкү калктуу конуштарда жайгашат:
- Балыкчы шаары — 2 бирдик;
- Бөкөнбаев айылы — 1 бирдик;
- Кызыл-Суу айылы — 1 бирдик;
- Каракол шаары — 2 бирдик;
- Түп айылы — 2 бирдик;
- Чолпон-Ата шаары — 2 бирдик.
Документтерди тариздөө иштери аяктагандан кийин курулуш-монтаждоо иштери башталат. Объектилерди ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.
Бул долбоор экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө, аймактын туристтик жана транспорттук инфратүзүмүн жакшыртууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом