Дары аткезчилиги: Бишкекте мыйзамсыз кампа табылып, 10 дарыкананын иши токтотулду

16.09.2025 | 14:39

Бишкек шаарында аткезчилик менен алып келинген ири өлчөмдөгү дары-дармектер сакталган кампа табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө кампа уруксат кагаздары жок иштетилип келгени аныкталган. Тинтүү учурунда андан Европа жана КМШ мамлекеттеринен алып келинген өзгөчө ири өлчөмдөгү дары-дармектер табылган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган кампадан дары-дармектерди алып саткан 10 дарыкананын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлган. Мындан тышкары бул дары-дармек Ош шаарына жана Ош облусуна, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына, ошондой эле Жалал-Абад шаарына таратылганы белгилүү болгон.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келүүнү уюштурган 52 жаштагы Б.Г.Ж. аттуу жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Scroll to Top