Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Токмоктогу каргаша. Балдардын укуктары боюнча өкүл комментарий берди
16.09.2025 | 14:55

Балдардын укуктары боюнча мамлекеттик өкүл Асель Чынбаева Чүй облусундагы эки баланын өлүмүн чоң трагедия деп атап, бул үй-бүлөнүн каттоодо турбаганын билдирди.
Анын айтымында, үй-бүлөдө башка балдар да жашайт. Социалдык кызматтар аларды атасынан ажыратуу жана тиешелүү мекемелерге жайгаштыруу аракетин көрүшкөн. Бирок балдардын ата-энелик укугу эске алынып, атасы аларды жайгаштыруудан баш тартып, жакын туугандарына берген.
Чынбаева ошондой эле аялдын учурда изоляцияда экенин, экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.
“Менин оюмча, анын олуттуу көйгөйлөрү бар. Жыйынтык чыккандан кийин дагы ачыкка чыгат”, — деди Асел Чынбаева.