Жогорку Кеңеш МАГАТЭ менен ядролук коопсуздук боюнча протоколду жаңылоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 17-сентябрдагы отурумунда Кыргызстан менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата Жаңыланган протоколду ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Аталган мыйзам долбоору өлкөнүн радиациялык коопсуздук жаатындагы укуктук базасын эл аралык талаптарга ылайык келтирүү жана МАГАТЭнин Кыргызстан менен техникалык кызматташуу программасын толук өлчөмдө пайдаланууга багытталган.
Бул программалар радиоактивдүү калдыктарды башкаруу, ядролук медицина, нур терапиясы жана Улуттук онкология жана гематология борборундагы диагностика сыяктуу багыттарды камтыйт.
Жаңыланган Протокол төмөнкүлөрдү карайт:
- мамлекет МАГАТЭге ядролук материалдардын бардык көлөмү боюнча, колдонулушу эң аз болсо да, баштапкы отчет берүүгө милдеттүү;
- МАГАТЭге жеринде инспекция жүргүзүү укугу берилет;
- протоколду ядролук объектилери бар же курууну пландаган өлкөлөр колдонбойт.
Негиздеме-маалым катта айтылгандай, МАГАТЭ ошондой эле ядролук отун цикли менен байланышкан маалыматтарга жана объектилерге, анын ичинде түздөн-түз ядролук материалга тиешеси жок илимий изилдөөлөргө да жетүү укугуна ээ болот.