Эл өкүлү аялдар жана балдардын укугун коргой турган өзүнчө орган түзүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова өлкөдө аялдар менен балдардын укугун коргой турган өзүнчө министрлик же комитет түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, зордук-зомбулук жана мыйзам бузуулар көбөйүп жатканына карабастан, бул багыт үчүн жоопкерчиликти толук өз мойнуна алган орган жок.
«Президентке караштуу аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча орган түзүлсө, резонанстуу окуялар үчүн да жоопкерчилик так болмок. Учурда сот системасынын кемчиликтеринен улам көптөгөн кылмыштар адилеттүү жазасын албай жатат», — деди депутат.
Мажитова кошумчалагандай, коңшу Казакстанда мындай иштерде коомчулуктун басымы күч болуп, кылмышкерлер мыйзам чегинде жоопко тартылып жатат. Кыргызстанда да аялдар менен балдардын укугун коргоо системасын чыңдоо зарылчылыгы баса белгиленди.