Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Кадыр Атамбаев «Медиа форумду» рейдерлик басып алуу болгонун кабарлады
18.09.2025 | 13:54
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев күч түзүмдөрү «Медиа форумдун» имаратына келип, аны тартып алууга аракет кылышканын билдирди. Анын айтымында, анын атасына карата чыгарылган өкүм боюнча териштирүүлөр алигиче бүтө элек жана алар кассациялык даттануу беришкен.
Видеодон көрүнүп тургандай, формачан күч түзүмдөрү имараттын фойесинде турушат, ал эми «Медиа форумдун» директорунун кабинетинде өзүлөрүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин кызматкери катары тааныштырган эки киши жүрөт. Ошондой эле имаратка эч кимди, анын ичинде Атамбаевдердин жактоочуларын да киргизбей жатышат. Ал эми ижарачыларга жакында көчүрүлөрү тууралуу кабар берилген сыяктуу.