Кызыл-Кыяда баңгизат саткан үч жаран кармалды

18.09.2025 | 17:01

Баткен облусунда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү учурунда Кызыл-Кыя шаарынын үч тургуну кармалды.

  • 53 жаштагы “И” аттуу тургун текшерүү учурунда марихуанага окшогон 2 куту зат менен кармалды.
  • Анын көрсөтмөсү боюнча 34 жаштагы М.А. аттуу тургунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, жашыл-күрөң түстөгү баңгизат табылган.
  • Ошондой эле 34 жаштагы У.У. аттуу тургун шектүү катары кармалды.

Экспертиза жыйынтыгы:

  • 56 граммдан ашуун марихуана
  • 4 граммдан ашуун конопля

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизаттарды мыйзамсыз даярдоо жана сатууну максат кылуу) боюнча иликтенүүдө. Учурда үчөө тең убактылуу кармоочу жайда жана тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top