Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Бишкекте аялын ур-токмокко алган жаран кармалды
20.09.2025 | 11:03

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 19-сентябрда М.Ы. денесинен оор жаракат алып, шаардык ооруканага жаткырылган.

Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен иш козголду. Иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун күйөөсү, 1971-жылы туулган Н.Н., милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда, керектүү экспертизалар дайындалган.