Орусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталууда
Бишкекте аялын ур-токмокко алган жаран кармалды
20.09.2025 | 11:03

Бишкекте ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 19-сентябрда М.Ы. денесинен оор жаракат алып, шаардык ооруканага жаткырылган.

Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») менен иш козголду. Иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун күйөөсү, 1971-жылы туулган Н.Н., милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда, керектүү экспертизалар дайындалган.