Айсулуу Тыныбекова UWW спортчулар комиссиясынын мүчөсү болуп шайландыVII чакырылыштын тарыхый чечими: ЖК эмне себептен өзүн-өзү таркатты?Токтогулда бус жеңил унааны сүзүп, кырсыктан үч адам каза болдуЧүйдө коррупциялык схемага тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлер кармалдыМаданий мекемелерге 39 кичиавтобус тапшырылдыПартиялар шайлоого катышуу үчүн 3 күндүн ичинде БШКга билдирүү бериши керек
Күрөш федерациясы: Башкы машыктыруучу жана жардамчылары отставкага кетти
25.09.2025 | 10:50

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу курамы кызматтан кетти. Бул тууралуу Күрөш федерациясы расмий билдирди.
Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу (Калилов) жана анын штабындагы жардамчы машыктыруучулар — Азат Бейшебеков менен Атай Замирбеков — өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
Машыктыруучулардын отставкасы команданын акыркы жыйынтыктарына байланыштуу болгону айтылууда. Эске салсак, Кыргызстандын балбандары жакында өткөн Дүйнө чемпионатында бир гана коло медаль утуп алышкан. Бул көрсөткүч айрым күйөрмандар тарабынан сынга алынып, социалдык тармактарда нааразы пикирлер айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт