Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен жолугушту
25.09.2025 | 11:05

24-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы
Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Мындан тышкары эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болгон.
Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү арттырууга даярдыктарын билдиришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат