TECHNOVATION: Чылымсыз келечек — КМШ адистер тамекинин зыянын азайтуу жолдорун талкуулашты

25.09.2025 | 13:56

18-сентябрда Астанада TECHNOVATION аттуу конференция өттү. Анда тамеки тартуунун зыянын инновациялык түтүнсүз продукция аркылуу азайтуу маселеси талкууланды. Иш-чарада дарыгерлер, окумуштуулар, бизнес жана медицина өкүлдөрү акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бөлүшүп, тамеки тармагын азыраак зыяндуу чечимдерге трансформациялоо жолдорун талкуулаган аянтчага айланды.

PMI он жылдан ашык убакыттан бери салттуу тамекилерден баш тартууга багытталган глобалдык Smoke-free демилгесин илгерилетип келет. Түтүнсүз технологияларды иштеп чыгууга жана изилдөөлөргө 14 миллиард доллардан ашык инвестиция салынган, бүгүнкүн күндө мындай продукция 97 өлкөдө жеткиликтүү.

Натыйжалары байкаларлык: ДССУ бул багыттын маанилүүлүгүн 2015-жылы тастыктагандан бери, Японияда тамеки тартуу деңгээли тездик менен төмөндөп жатат, ал эми Швеция рекорддук көрсөткүчкө жетти — болгону 5,4%.

Scroll to Top