Өкмөттө ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишине байланышкан маселелер каралды

26.09.2025 | 13:25

Өкмөттө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу пункттарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйын айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчили алдында өтүп, ага Экономика жана коммерция министрлигинин, Каржы министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, ошондой эле Салык кызматынын, Бажы кызматынын, Чек ара кызматынын жетекчилери катышты.

Жыйында Бакыт Төрөбаев товарларга мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуунун эффективдүү санариптик механизмдерин ишке ашыруунун, мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн деңгээлин күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү жоготууга шарт түзгөн маселелерди жоюу керектигин белгиледи.

Scroll to Top