МинКаб: Кыргызстан быйыл 1 трлн сомдук бюджет менен жыйынтыкталат

27.09.2025 | 17:04

Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында өттү.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, алгач мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүнүн абалы каралып, Агартуу жана Курулуш министрликтеринин маалыматтары угулду. Учурда өлкөдө 1997 бала бакчада 257 миңден ашуун бала тарбияланууда, ал эми мектептерде 1,5 млнго жакын окуучу билим алууда.

Жыйында:

  • мектепке чейинки мекемелерди көбөйтүү,
  • ар бир мугалимди ноутбук менен камсыздоо,
  • окуу китептерин чыгарууга 3 млрд сом бөлүү,
  • жаш мугалимдерге нөлдүк пайыздык ипотека берүү,
  • Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жаңы мектептерди куруу тапшырмалары берилди.

Кийинчерээк “2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын планы ашыгы менен аткарылып, жыл жыйынтыгында бюджеттин көлөмү 1 трлн сомго жетери күтүлүүдө.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча чечим кабыл алынып, жер мунапысын жөнгө салууга багытталган токтомдор бекитилди.

Жыйын соңунда Адылбек Касымалиев билим берүү жана мамлекеттик кызмат системасы – адам ресурстарын өнүктүрүүнүн негизги багыттары экенин белгилеп, кабыл алынган чечимдерди өз учурунда аткарууну тапшырды.

Scroll to Top