Өзгөндө жолду сапатсыз салган ишканага 200 миң сом айып пул салындыДепутаттар төлгө ачкандарга жана диплому жок психологиялык кызмат көрсөткөндөргө айып салууну сунушташтыБалыкчыдан 28 чакырым алыстыкта күчү 3 баллга жакын жер титиредиБишкектеги №6 төрөтканадагы чыр: дарыгерлер бейтаптын айыптоолоруна жооп беришти3-ноябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуКыргызстанда сот тутумунун 15 объектиси курулууда, дагы тогуз имарат куруу пландалган
Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
15.03.2026 | 11:30

Бүгүн, 15-март, саат 06:30да «Манас» эл аралык аэропортуна Сауд Арабиясынан 142 кыргыз жараны учуп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, алгач Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн кыргызстандыктар атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилип, ал жерден Бишкекке авиакаттам уюштурулган.
Тышкы иштер министрлиги кооптуу аймактардан жарандарды кайтаруу боюнча чаралар тууралуу кошумча маалымат берилерин маалымдады. Ошондой эле министрлик аймактагы кырдаал турукташканга чейин жарандарды аталган өлкөлөргө баруудан карманууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом