БШК: Мугалимдер шайлоо өнөктүгүнүн ийгиликтүү өтүшүнө чоң салым кошот

Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Маалыматка ылайык, мурдагы шайлоолордо саламаттык сактоо, маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү шайлоо комиссияларынын курамында жигердүү иштеп, чоң салым кошуп келишкен.
Статистика:
- Өлкө боюнча 2 492 шайлоо участогунда 24 995 шайлоо комиссиясынын мүчөсү иштеген.
- Алардын ичинен 15 496сы мугалимдер (63% жакын).
- Ошондой эле 1 655 шайлоо участогу орто мектептерде жайгашкан.
Бирок акыркы мезгилде айрым билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мектеп директорлору мугалимдерди шайлоо комиссияларынын курамынан негизсиз чыгарып жатканы белгилүү болду.
БШКнын маалыматы боюнча, мугалимдер шайлоо процессине талапкерлерди колдоо же байкоочу болуу үчүн эмес, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн тартылат. Мугалимдердин тажрыйбасы жана жоопкерчиликтүү мамилеси шайлоону таза жана сапаттуу өткөрүүгө чоң жардам берет.
БШК аймактардагы жетекчилерди мугалимдердин шайлоо иштерине катышуусуна негизсиз тоскоолдук кылбоого чакырды.