Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү тротуарларга асфальт төшөө иштери уланууда
29.09.2025 | 20:13

Бишкекте жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Гоголь көчөсүндө муниципалдык ишкана «Бишкекасфальтсервис» тарабынан асфальт төшөө иштери активдүү жүрүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө:
- Чыгыш тарабы: Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин асфальт төшөлдү.
- Батыш тарабы: Бөкөнбаев көчөсүнөн Асыл-Таш турак жай комплексине чейин, ошондой эле Чүй проспектисинен А. Огонбаев көчөсүнө чейин чыгыш тарабы аяктады.
- Калган тилкелерде асфальт төшөөгө даярдыктар уланууда.
Иш дем алыш күндөрү жүргүзүлүүдө, себеби көчөдө билим берүү мекемелери жана күндө көптөгөн жөө жүргүнчүлөр менен унаалар бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом