Өкмөт тубаса оорулардын алдын алуу үчүн “Үмүт” программасын ишке киргизетТүндө Кыргызстанда жер титирөө катталдыТүркияда күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду28-октябрдын аба-ырайы: Өлкөдө жаан-чачын күтүлөтПатрулдук унаа жеңил унаа менен кагылышты. Жаракат алгандар барКадамжайда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылды
Бишкекте «Притон-көпөлөк» рейддери уланууда
30.09.2025 | 17:13
Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында «Притон-көпөлөк» рейди өткөрүлдү. Анын алкагында, укук коргоо кызматкерлери сауналарды, мейманканаларды жана ижарага берилүүчү батирлерди текшеришти.
Рейддин жыйынтыгында милиция бөлүмүнө 10 аял жеткирилип, алардын 8ине Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулук менен алектенүү» беренеси боюнча протокол түзүлгөн. Бир аялга эскертүү берилип, бирөө үч күнгө камалган, ал эми алтоонун ар бирине 20 миң сомдон айып пул салынган.
Милиция шаар тургундарын жана конокторун интимдик кызмат көрсөтүүгө катышкан адамдар же жайлар тууралуу маалымат болсо, «102» кызматына кабарлоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар