Кыргыз мамлекеттик куурчак театры 88-сезонун ачат. Октябрь айында кайсы чыгармалар коюлатКыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташуу макулдашуусуна кол коюштуБишкекте 25-сентябрда ыктыярдуу кан тапшыруу акциясы өтөтКыргыз тили жашоо, жумуш жана илим үчүн: 2028-жылга чейин эмне өзгөрөт?Депутат электромобилдерди ташып келүүгө квотаны дагы көбөйтүүнү сурандыШКУ менен БРИКС жаңы каржылык архитектураны калыптандырууда — эксперт Алмаз Насыров
Оштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
11.03.2026 | 15:13

Ош шаарында жайгашкан «Аптека Кейджи» ишканасына таандык дарыканадан каттоодон өтпөгөн жана өлкөгө мыйзамсыз киргизилген дарылар табылды. Салык кызматынын маалыматында, алардын жалпы суммасы 269 миң 989 сомду түздү.
Ошондой эле ишкананын дарыларды сактоо жана сатууга уруксат берүүчү документтери жок экени аныкталган.
Мындан тышкары, текшерүү учурунда төмөнкүдөй салык мыйзамдарын бузуу фактылары катталган:
- товарларды сатууда электрондук эсеп-фактуралар аркылуу түшкөн каражаттар көрсөтүлгөн эмес;
- айрым кызматкерлер боюнча салыктык отчеттор тапшырылган эмес;
- техникалык жактан жараксыз контролдук-кассалык машина колдонулган.
Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жеринде тиешелүү актылар түзүлгөн. Материалдардын негизинде мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү айтылды.