Эми «Манас» аэропортуна узаткандар кире алышпайт жана унаа токтотуучу жай жылды

30.09.2025 | 18:14

30-сентябрдан тарта «Манас» эл аралык аэропортунда ички каттамдар залы аркылуу кирүү жана чыгуу үчүн бир гана эшик иштеп жатат. Аэробекетти оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу экинчи кирүү эшиги убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, 1-октябрдан баштап узаткандар үчүн чектөөлөр киргизилет: аэробекеттин имаратына эми учуп кете турган жана учуп келген жүргүнчүлөр гана кире алышат.

10-октябрдан тарта бекеттин алдындагы унаа токтотуучу жай жабылат. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн аэробекеттин имаратынын тушунда жана трассанын оң жагында жайгашкан унаа токтотуучу жайлар гана жеткиликтүү болот.

«Кыргызстан аэропорттору» ААКы белгилегендей, бардык өзгөрүүлөр аэробекеттин дагы бир бөлүгүн оңдоо иштерине байланыштуу киргизилип жатат. Ошондуктан мекеме жүргүнчүлөрдөн бул чараларды эске алып, сапарды пландаштырууда бардык жол-жоболордон өтүүгө убакыт калтырууну суранды.

Scroll to Top