ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Улуттук статистика комитетине 50 автоунаа тапшырылды
01.10.2025 | 13:21

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө өндүрүлгөн CHEVROLET COBALT үлгүсүндөгү 50 автоунааны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин аймактык органдарына тапшырды.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, Адылбек Касымалиев билдиргендей, автоунааларды тапшыруу экономиканын өнүгүүсүнүн жана өсүшүнүн далили болуп саналат. 2025-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы боюнча ИДП 1 трлн 42,1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 11 % деңгээлинде катталган.
Жаңы автоунаалар райондук жана шаардык статистика бөлүмдөрүнө жөнөтүлүп, ушул айда пландаштырылган айыл чарба эл каттоосун жүргүзүүгө жардам берет. Министрлер Кабинетинин Төрагасы алардын статистикалык маалыматтарды ыкчам жана так берүүдө чоң салым кошоруна ишеним билдирди.