Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Кыргыз улуттук драма театрында коюлуучу спектаклдердин тизмеси жарыяланды
01.10.2025 | 16:34

Маданият министри Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында октябрь айында коюла турган спектаклдердин тизмесин жарыялады.
Министрлик көрүүчүлөрдү 99-театралдык сезондун ачылышына чакырып, алдыда боло турчу спектаклдерди көрүп, жан дүйнөнү байытууну сунуштады. Спектаклдер саат 19:00дө башталат.
Октябрь айында аталган драмтеатрда төмөнкү спектаклдер коюлат:
- 01.10 – Ж.Садыков «Төлгө»
- 02.10 – К.Иманалиев «Акыркы кат»
- 03.10 – Т.Абдумомунов «Абийир кечирбейт»
- 04.10 – Ж.Садыков «Эр Төштүк»
- 05.10 – К.Касенов «Алда жаш жубайлар ай!»
- 07.10 – М.Карим «Ай тутулган түндө»
- 08.10 – Г.Лорка «Бернарда Альбанын үйү»
- 10.10 – А.Чехов «Кичинекей адамдын чоң трагедиясы»
- 14.10 – Л.Богачева «Феншуй» (Премьера)
- 15.10 – Л.Богачева «Феншуй» (Премьера)
- 26.10 – А.Ихсанов «Адилеттик издеген рыцарь»
- 28.10 – Арт-Ройе «Атанын дүйнөсү»
- 29.10 – Ч.Айтматов «Саманчынын жолу»
- 30.10 – Ч.Айтматов «Ашуу»
- 31.10 – Ж.Сарман «Мамурэ»
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы