«Манас» аэропортунан 18 даана iPhone 17 Pro Max мыйзамсыз алып киришкен

03.10.2025 | 12:17

«Манас» эл аралык аэропортунда iPhone 17 Pro Max үлгүсүндөгү телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, факт Дубайдан келген жүргүнчүлөрдү бажы көзөмөлүнөн өткөрүүдө УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чарада ачылган.

1992-жылы туулган С.А. жана А.Б. аттуу жарандар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жүргүнчүлөр үчүн көздөлгөн коридор аркылуу өтүп, телефондорду жашыруун алып кирүүгө аракет кылышкан.

Кийинчерээк текшерүү маалында Айчүрөк соода борборундагы «N.S.» жана «C.B.S.» бутиктеринде сатууга коюлган 18 даана iPhone 17 Pro Max табылып, алынган.

Соода-өнөр жай палатасынын баалоосуна ылайык, бир даана телефон 195 миңден 225 миң сомго чейин турат. Ал эми мамлекетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 476 миң сомдон ашкан.

Факт катталып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Scroll to Top