Муниципалдык эвакуатор жол эрежелерин бузган учур видеого түшүп калган
Бишкекте муниципалдык эвакуатор жолдо каршы тилкеге чыгып айдаган. Бул тууралуу окурман Reporter.kg’ге билдирип, видеого жиберген. Окурмандын айтымында, видео Чүй проспектиси менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишине жакын «Чыгыш-5» кичирайонундагы бир тараптуу көчөдө тартылган.
«Бул эвакуатор Чүй проспектинен бир тараптуу көчөгө туура эле кирген. Бирок унааны эвакуациялагандан кийин кайра артка кайрылып, ал жердеги 5.5 “Бир тараптуу кыймыл” белгиси турганына карабастан, ошол эле жол менен чыгып кетти. Мындан тышкары, эвакуатордун айдоочусу машинаны пломбалабай, эшиктерге, багажникке жана капотко стикерлерди жабыштырбай эле жүктөп кетти», — деп билдирди окурман.
Ал ошондой эле эвакуатор Чүй проспектисине сигналдык маячоктор жана оң бурулуш көрсөткүчүн күйгүзбөстөн чыкканын кошумчалады.
Эгерде сизде биз үчүн кабар бар болсо, аны WhatsApp же Telegram аркылуу «Элдик репортердун» номуруна +996 995 232 413га жибере аласыз.