ТИМде Жээнбек Кулубаевдин жетекчилиги алдында коллегиялык жыйын болуп өттү

2-октябрда Тышкы иштер министрлигинде министр Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Коллегиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында өлкөнүн тышкы саясатынын жана экономикалык күн тартибинин негизги маселелери каралган. “Борбордук Азия – Кытай” Саммитинин жыйынтыгына өзгөчө көңүл бурулган. Катышуучулар Кыргызстандын 2025-2026-жылдарга ШКУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкууланган.
ТИМдин өлкөнүн айыл чарбасын эл аралык кызматташтык аркылуу өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу да айтылган. Агрардык тармакка тышкы рынокко чыгууга жана айыл чарба тармагына инвестицияны жана технологияны тартууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттер аныкталган.
Кеңешменин жыйынтыгында министр Жээнбек Кулубаев белгиленген максаттарга жетишүүгө, тышкы саясий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатууга, Кыргызстандын эл аралык беделин бекемдөөгө багытталган бир катар тапшырмаларды берген.