Салык кызматкерлери курал алып жүрүшү мүмкүн — жаңы башкармалык түзүү сунушталдыЖапониялык ишкана Кыргызстандагы мектепте өзүнүн STEM долбоорун сынайтЧынарбек Изабеков ардагерлер арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиону болдуДанияр Амангелдиев ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен сүйлөштүБалдарга арналган «Манас, Семетей, Сейтек» китеби жарык көрдүКММАнын окутуучусу 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Оштун муниципалдык мекемелери кызматтык унааларга ээ болушту
07.10.2025 | 17:50

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы бир катар муниципалдык мекемелерге кызматтык автоунаалардын ачкычтарын тапшырды.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы унаалар төмөнкү мекемелерге берилди:
- Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармасы;
- Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы;
- Ош шаардык жолдор муниципалдык ишканасы;
- Ош шаардык маданият башкармалыгы;
- Ош шаардык муниципалдык инспекциясы.
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, кызматтык автоунаалардын берилүүсү муниципалдык кызматтардын ишин жакшыртып, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом