Кыргызстанда кызамыктан беш бала көз жумду

08.10.2025 | 09:16

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктан улам беш баланын каза болгону катталды. Бул тууралуу Биринчи радиого №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эне жана баланы коргоо боюнча орун басары Айгерим Урматбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө кызамык оорусу күч алууда. Ошондуктан медицина кызматкерлери бул жугуштуу дартка каршы эмдөө иштерин күчөтүшүүдө.

«Ата-энелерди өз убагында балдарын кызамыкка каршы эмдөөгө чакырабыз. Эмдөө — оорунун алдын алуунун эң ишенимдүү жолу», — деди Урматбекова.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын тогуз айында өлкө боюнча 8 800 кызамык оорусу катталган.

Анализ көрсөткөндөй, ооругандардын 94 пайызы эмделбеген — бул ата-энелердин эмдөөдөн баш тартуусу, медициналык каршылыктар жана жашы жете электердин эмдөөнү өткөрүп жиберүүсү менен байланыштуу.

Саламаттык сактоо министрлиги калкты жана айрыкча ата-энелерди эмдөөнү кечиктирбөөгө чакырат. Кызамыкка каршы эмдөө улуттук календарга киргизилген жана бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде бекер жүргүзүлөт.

Scroll to Top