Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Ала-Бел ашуусуна кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды
11.03.2026 | 10:09

Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымына, Ала-Бел ашуусуна, кар көчкү түшүп, жол бардык унаалар үчүн эки тараптуу убактылуу жабылды.
Транспорт министрлигинин маалыматында, көчкү 9-мартта эртең мененки саат 6:50дө түшкөн.
Учурда №23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кыймылды калыбына келтирүү боюнча кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом