Эл аралык студенттик кинофестиваль Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналат

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Дүйнөгө-ТЫНЧТЫК!» аттуу эл аралык студенттик кинофестиваль өтөт. Иш-чара дүйнөнүн ар тарабынан келген жаш кинематографисттер үчүн чыгармачыл аянтча болот.
Уюштуруучулар 18 жаштан 30 жашка чейинки студенттерди «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке катышкан өлкөлөрдүн элдеринин салымы» темасындагы 15 мүнөттөн ашпаган кыска метраждуу фильмдерди көрсөтүүгө чакырууда. Фестивалга жалгыз же беш адамга чейин чыгармачыл топтун курамында катышса болот.
Арыздарды кабыл алуу ушул жылдын 1-ноябрына чейин уланат. Фильмдерди уюштуруу комитетинин miru-mir-fest@yandex.ru электрондук дарегине жөнөтүү керек.
Уюштуруучулардын айтымында, фестиваль бир гана ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттерди бириктирбестен, тарыхый эс тутумдун жана эл аралык биримдиктин маанисин эске салат. Катышуучулардын эмгектерин кино тармагынын адистери баалашат, ал эми жеңүүчүлөргө чыгармачыл сыйлыктар жана өз долбоорлорун өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү берилет.