Садыр Жапаров: Баары эле эксперт болуп кетти

09.10.2025 | 14:01

Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жарандарды медиасабаттуу болууга жана тергөөнүн ишине “эксперт” болуп аралашпоого чакырды.

Мамлекет башчы Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаранды кармоодо «Коопсуз өлкө» системасынын видеокамералары чоң жардам бергенин белгиледи. Анын айтымында, бул окуя заманбап технологиялар коопсуздукту камсыздоодо натыйжалуу экенин дагы бир жолу далилдеди.

Президент социалдык тармактарда негизсиз божомолдорду жана туура эмес маалыматтарды тараткандарды сынга алып, коомду сабырдуулукка чакырды:

«Эки бир тууганды өлтүргөн баланын сүрөтүн чыгарышканда, айрымдар дароо божомолдорду жаза башташты. Баары эле эксперт болуп кетти. Тергөөнүн жыйынтыгын күтөлү, медиасабаттуу бололу», — деди мамлекет башчы.

Садыр Жапаров белгилегендей, ИИМ жана милиция кызматкерлери азыр заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, кылмышкерлерди 15–20 мүнөттүн ичинде кармоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Ошондой эле ал «Коопсуз өлкө» долбоору Баткенден тартып Талас жана Нарын облустарына чейин кеңейип, базарлар менен жолдорго видеокамералар орнотулуп жатканын кошумчалады.

«Бишкекте кылмыш кылып, анан кармалбай калам деп ойлобосун кылмышкерлер. Азыр милициялардын өз иши онлайн көзөмөлдө турат», — деди президент.

Мамлекет башчы белгилегендей, ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бардык маалыматты дароо ачыкка чыгара албайт, ошондуктан коом мындай учурларда сабырдуу болууга жана туура маалымат булактарына ишенүүгө тийиш.

«Медиа сабаттуулукту сактоо — ар бирибиздин жоопкерчилигибиз», — деп жыйынтыктады Садыр Жапаров.

Scroll to Top