Москвада өлкөлөр Ооганстан боюнча жыйын өткөрүштү

09.10.2025 | 15:01

7-октябрда Москвада Ооганстан боюнча консультациялардын Москва форматындагы жетинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга Орусиянын, Ооганстандын, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Кытайдын, Пакистандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү жана жогорку кызмат адамдары катышкан.

Жыйында тараптар Ооганстандын аймактагы жана эл аралык коомчулуктагы өлкөлөр менен саясий жана соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешип, бул өлкөнү аймактык чарба системаларына активдүү интеграциялоону колдошкон.

Катышуучулар Ооганстандын көз карандысыз жана тынч мамлекет болуп калыптанышына, терроризм менен баңгизаттардан эркин болуусуна колдоо көрсөтүүнү тастыкташкан. Ошондой эле Кабулга аймактык коопсуздукту чыңдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкен.

Scroll to Top