16-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалууда
«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулду
02.04.2026 | 14:33

Бүгүн, 2-апрелде, Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция иши боюнча камалган Байгазы Матисаков тергөө менен келишим түзгөнүнө байланыштуу тергөө абагынан бошотту. Бул тууралуу ЖМКлар билдиришти.
Байгазы Матисаков – УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни. Ал март айында «Кыргызнефтегаз» ААКтагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары кармалган. Аны менен бирге дагы үч шектүү кармалган.
ИИМдин маалыматында, кылмыш иши Мамлекеттик салык кызматынын иликтөөсүнүн негизинде козголгон. Иликтөөдө аталган ишканада күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуудагы коррупциялык схемалар тууралуу айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар