Быйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты. Баасы 3,4 млн сомду түзөт. Баткенде аткезчилик менен келген дары-дармектер табылдыОоганстан кургатылган жемиштердин экспортун көбөйттү: 2025-жылы түшкөн киреше 667 млн долларга жеттиРоссия жана Кыргызстан соода жана инвестициялык өнөктөштүктү чыңдоо боюнча кадамдарды белгилешти25-мартта Кыргызстанда «Ооз көңдөйүнүн саламаттык күнү» акциясы өтөт
Кыргызстанда инновациялык технологиялык хаб түзүлөт
13.10.2025 | 11:18

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital инвестициялык фонду өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, документ өлкөдө инновацияларды, санариптик технологияларды жана өнөр жай тармагын өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Келишимдин алкагындагы өлкөдө инновациялык технологиялык хабды түзүлөт. Аталган аянтча жаңы технологиялык чечимдерди ишке киргизүүгө жана жогорку технологиялык өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
“Бул кадам — Кыргызстандын инновациялык экосистемасын калыптандыруу жана өнөр жай потенциалын чыңдоого багытталган стратегиялык маанидеги өнөктөштүк”,- деп билдирди министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом