Ташкентте Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын эл аралык конференциясы өттү

6–8-октябрь күндөрү Ташкент шаарында «Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары» аттуу эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири «Узсувтаъминот» АКы билдирди.
Маалыматка ылайык, конференция Дүйнөлүк банк, Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик секретариаты (SECO) жана Корея өкмөтү (KGGTF) менен биргеликте уюштурулган.
Үч күнгө созулган конференцияда суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын натыйжалуулугун жогорулатуу, активдерди башкаруу, санариптик чечимдерди киргизүү, институционалдык трансформация жана кадрларды даярдоо сыяктуу маселелер талкууланган. Ошондой эле, каржылоонун инновациялык механизмдерине, жеке секторду тартууга жана регионалдык кызматташууну чыңдоого арналган сессиялар өткөрүлгөн.
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар Ташкент облусундагы «Кодирия» суу тазалоо имаратын, «Чирчик» канализация тазалоо имаратын жана «Mesal water technologies» (Янгиюль) биргелешкен ишканасын барып көрүшүп, учурдагы долбоорлор жана заманбап технологиялар менен таанышышкан.