Быйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайган

13.10.2025 | 16:46

2025-жылдын январь–август айларында Кытай менен АКШнын ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,4% азайып, 380,06 млрд долларды түзгөн. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кытайдын Башкы бажы башкармалыгына таянып билдирди.

Расмий статистикага ылайык, бул мезгил ичинде Кытайдын АКШга экспортунун көлөмү 15,5%га азайып, 282,95 млрд долларды түзгөн. Ал эми АКШдан Кытайга экспорттун көлөмү 11%га төмөндөп, 97,11 млрд доллар болгон.

Кытай АКШдан соя, пахта, жүгөрү, микросхемалар, жолтандабастар, кокстануучу көмүр, жез жана жез кени сыяктуу товарларды алып келет. Ал эми АКШ Кытайдан смартфондорду, жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы тартиби менен өткөрүлгөн арзан товарларды, компьютерлерди, литий-иондук батареяларды, оюнчуктарды, пластмасса буюмдарын, видеокамераларды, тиричилик техникасын, кийим-кече, бут кийим жана башка товарларды сатып алат.

Scroll to Top