Чүйдө эки жаш баланы жүк ташуучу унаа коюп кетип, каза болушту

14.10.2025 | 09:50

Чүй облусунун Жайыл районунда эки жаш баланы оор жүк ташуучу унаа коюп кетип, каза болушту. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББи билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-октябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Кара-Балта шаарынын Чапаев көчөсүндө жүк ташуучу унаанын 69 жаштагы айдоочусу Г.М. түндүктөн түштүккө карай бара жатып, жөө бара жаткан 7 жана 8 жаштардагы эки баланы сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен жаш балдар окуя болгон жерде каза болушкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Айдоочу Г.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top